Баткен облусунун Кадамжай районунда баласын сабап видеого тарткан аялдын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.
Баткен облустук милициясынын маалыматына караганда, быйыл 27-январда Кадамжай районунун тургуну жарандык никеде жашап жүргөн аялы кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Бул маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана соттук-психо-психиатриялык экспертизалар дайындалып, аялдын уюлдук телефондору далил буюм катары алынган.
1-февралда Баткендин Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки жашар кызын сабаганга шектелген аял бир айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.