Марал Радиосу

Баланы сабап видеого тарткан аял үй камагына чыгарылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда баласын сабап видеого тарткан аялдын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.

Баткен облустук милициясынын маалыматына караганда, быйыл 27-январда Кадамжай районунун тургуну жарандык никеде жашап жүргөн аялы кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана соттук-психо-психиатриялык экспертизалар дайындалып, аялдын уюлдук телефондору далил буюм катары алынган.

1-февралда Баткендин Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки жашар кызын сабаганга шектелген аял бир айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.