Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. аттуу жарандын ишмердүүлүгүндө алдамчылык фактылары аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Жетекчи жооптуу кызматты ээлегенине таянып, М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ долларын алганы аныкталды.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.