Марал Радиосу

Пиязды сатуу. Өкмөт депутаттардын токтомун аткарбай жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Министрлер кабинети депутаттардын токтомдоруна көңүл бурбай жатканын айтты.

Ал парламенттин 2-марттагы жыйынында «Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн сыртка ташып чыгууга киргизилген чектөө жөнүндө» токтом күчүн жоготсун деген тапшырма бир ай мурун берилгенин, бирок азыркыга чейин чечим чыга электигин белгиледи.

«16-февраль күнү жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп, Министрлер кабинетине тапшырма берилген. «Жаздын бир күнү бир жылга тете» деген сөз бар, Жогорку Кеңештин токтому бүгүнкүгө чейин аткарылган жок. Эртең өнүп кеткен пияз кимге керек? Дыйкандардын убалы кимге? Биз 16-февралда токтом кабыл алсак, азыркыга чейин чечим чыкпаса, анда эмнеге ушул жерде отуруп, тапшырма берилип жатат? Бүгүн эртең менен сүйлөшсөм, «биз сырттабыз, кол коё турган кагаздар даяр эмес» дешти. Керек маалда электрондук подпись менен кагаздарды жиберип жатышат», — деди депутат.

Айыл чарба министрлиги 24-февралда пиязды экспорттоого коюлган чектөөнү алып салуу боюнча токтом долбоорун ишеп чыккан.

Февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга тыюу салынган. Ага азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу себеп болгон.

Быйыл январь-февраль айларында пияздын баасы кескин көтөрүлгөн. Дыйкандар түшүмдүн аз болгонун жана дүң баада кымбат келип жатканын жүйө келтиришкен.