Марал Радиосу

Абдыкадыров: Бишкекке жыл аягына чейин 1,5 миң автобус келет

2023-жылы Бишкекте коомдук транспорт маселеси толук чечилет. Бул тууралуу шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, борбор калаага жыл башында Кытайдан 120 автобус келди.

«Жыл аягына чейин дагы 1500 автобус келет. Учурда Кытай жана Беларусь өлкөлөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал өлкөлөрдө ишканалар жылына 30 миң автобус чыгара алат», — деди мэр.