Марал Радиосу

Бишкек мэри: Борбордогу жол тыгын көйгөйү быйыл толук чечилет

Борбордогу жол тыгын көйгөйү быйыл толук чечилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэрия Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 1-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.

Мэрдин айтымында, Азия өнүктүрүү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банктары Бишкекке 500 газ менен жана электр менен жүргөн автобустарды сатып алуу үчүн каражат бөлгөн.

«Ал бардык көйгөйдү чечет. Андан тышкары ышты азайтууга салым кошот», — деди Абдыкадыров.

Ошондой эле айтылган көйгөйдү чечүү үчүн жол карта түзүлүп, план иштелип чыкканын маалымдады.