Марал Радиосу

Кыргызстанга Жапониянын IT компанияларынын өкүлдөрү келет

24-мартта Кыргызстанга Жапониянын 16 IT компаниясынын өкүлдөрү келет. Алар кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынан кабарлашты.

JETRO (Жапон тышкы сооданы өнүктүрүү уюму) кеңсесинин кызматкерлери менен бирге алар борбор калаанын университеттерин кыдырып, IT форумуна жана Central Asian Tech Awards сыйлыгын тапшыруу аземине катышат. Ошондой эле, атамекендик компаниялар менен бир нече жолугушуу өткөрүшөт.

Сапардын максаты — эки өлкөнүн IT компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жогорку квалификациялуу кадрларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө.

Жапон тышкы сооданы өнүктүрүү уюму уюштуруп жаткан бул жолугушуу кыргызстандык IT компаниялар өткөн жылдын күзүндө Жапонияга баргандан кийин пландалган. Ал сапарда япониялык компанияларга Жогорку технология паркынын артыкчылыктары жана жетишкендиктери тааныштырылган.