Марал Радиосу

Бишкекте өзүн өрттөөгө аракет кылган жаран ооруканага жеткирилди

Бишкекте 28-февралда Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде бир адам өзүн өрттөөгө аракет кылганы кабарланды. Аталган дарек боюнча Бишкек шаардык тез жардам борборуна чалуу түшкөн. Учурда ал тез жардам ооруканасында.

Маалыматтарга караганда, өзүн өрттөөгө аракет кылган жаран болжол менен 2-3 даражадагы күйүк алган, денесинин 30 пайызы күйгөн. Ал өзүнө бензин чачканы айтылууда, себептери азырынча белгисиз.