Марал Радиосу

Айдоочуларга карата жаңы эрежелер нааразычылыктарды жаратууда

Март айынан тарта мас болуп унаа айдагандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүнөн ажыратылат. Буга чейин Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин негизинде мас айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келген. Ал эми айдоочулук укугу жок рулга отурган мас жарандарга 15 000 өлчөмүндө айып салынып келсе, мындан ары алар үч суткага камакка алынат.

Бир жумадан кийин айдоочуларга карата жаңы эрежелерди камтыган мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, мас айдоочу ичкилик ичкенин текшертүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага жана айдоого укугу жок жаран 5 суткага камакка алынат. Ошондой эле спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда бир жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат.

Мындай өзгөртүүлөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында киргизилип жатканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирип, дагы башка жаңы эрежелерди түшүндүрдү:

«Буга чейин айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда 20 000 сом айып салуу же беш суткага чейин камакка алуу чарасы каралган. Мындан ары айдоого укугу жок айдоочу жети суткага камакка алынып, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан кайталап, мас абалында транспорт каражатын башкарган жана мас абалында жол кырсыгына кабылган учурда автоунаасы убактылуу алынып, үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат».

Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Алар: унаасынын номурун атайы жаап алгандар, бир жагына такпай койгондор; ылдамдыкты ашырып айдагандар; каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар; унаасын мастарга же рулга отурууга укугу жок адамга бергендер жана башка эреже бузуулар.

Мындан сырткары кабыл алынган мыйзамда камтылган ченемдерге ылайык, айрым эрежелерге айып пулдун көлөмү көбөйдү. Көрсөтүлгөн ченемден саатына 40-60 чакырымга ашыра айдаса, 7 500 сом (учурда 5 500 сом), 60 чакырымдан да ашык айдаса, 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат.

  • Каршы тилке менен айдоого 15 миң сом (учурда 5 500 сом);
  • Ээнбаштык кылгандарга 15 миң сом (учурда 7 500 сом) айып салынат;
  • Айып пулдарды 70% жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат;
  • Автоунаасына этикага туура келбеген, мыйзамыз аракеттерге чакырган адаттан тыш жазууларды, сүрөттөрдү жабыштыргандарга 5 500 сом айып салынат.

Бишкек шаарынын тургуну Уланбек Чолпонбаев айып пулдардын өлчөмүнүн көбөйүшүнө нааразы. Ал Кыргызстанда орточо айлык коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кыйла аз болгондуктан жаңы эрежелер жашоочулардын чөнтөгүнө ылайык келбей турганын айтат.

«Мисалы, коңшу өлкөлөрдү карап көрсөк, алардын айлыгы көп. Казакстанда орточо маяна 40 миң сом, ал эми Орусияда 50 миң сом. А бизде болсо орточо айлык 15 миң сом. Ошондо эгер айдоочу эреже бузса, бир айда тапкан акчасын айып пулга төлөөгө туура келет. Албетте оор болот. Айдоочуларга карата мыйзам, эреже, тартиптер күндөн күнгө татаалдашып келе жатат. Биринчи шарт түзүп беришпейби? Азыр айдоочулардан көптөгөн нааразычылыктар болуп жатат. Мыйзам иштеп баштагандан тарта дагы да күчөйт».

«Сафари» кыймылынын өкүлү Эртай Искаков жаңы ченемдердин кабыл алынышын көптөн бери күткөнүн айтып, натыйжа берерине ишенет. Бирок ошол эле учурда бул эрежелер жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн МАИ кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн айтууда.

«Жаңы эрежелердин терс жактары бар. Себеби анын аркасы менен көптөгөн коррупциялык иштерге жол ачылып жатат. Мисалы, жети түрдүү мыйзам бузуу болсо, айдоочулар кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Бул мурун жокко чыгарылган мыйзам болчу, азыр кайра козгоп чыгышты. Ал эреже мурун иштеген эмес, азыр да иштебейт. Дагы бир маселе, эгер жол кырсыгы катталса, бирок жабырлануучу болбосо, окуя болгон жерден бир же эки айдоочу тең кетип кала турган болсо, алар алты айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратышат. Бул өтө туура эмес нерсе. Ушул мыйзам элди бүгүнкү күнгө чейин кыйнап келген. Алар азыр андан да татаал эрежесин иштеп чыгышыптыр, өлүм жазасына барабар болуп жатпайбы. Аша чапкандык деп эсептейм». 

Искаков кошумчалагандай, азыркы тапта социалдык тармактарда ар кандай топтор ачылып, жарандар нааразычылыгын, сын-пикирлерин билдирип жатышат.

ИИМ коррупцияга жол берилбей турганын айтып, ишти мекеменин өздүк коопсуздук кызматы, прокуратура, УКМК, жарандык коом өкүлдөрү көзөмөлдөп турарына ынандырууда.

Кыргызстанда былтыр жол кырсыктарынан 500дөй адам набыт болду. Анын ичинде 80ге чукулу бала. 7888 адам, анын ичинде 1672 бала түрдүү жараат алган. Жол кырсыгында каза болгондордун 70%ы 25тен 40 жашка чейинки курактагылар.

Exit mobile version