Марал Радиосу

Айнегин мыйзамсыз караңгылаткан унааларга каршы рейд башталды

Кыргызстандын аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Караңгылатуу» деп аталган рейд бүгүн, 28-февралда башталып, 10-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө автоунаасынын маңдайкы жана каптал терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдууларды колдонгондор аныкталат.

ЖКККББ аныкталган укук бузууларды фото-видеого жаздыруу менен массалык маалымат каражаттары аркылуу профилактика иретинде чагылдырат.