Марал Радиосу

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы алмашты

Канат Асангулов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын Канатбек Тургунбеков жетектеп келген. Ал Мирлан Бакировдун ордуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп дайындалды. Бакиров 27-февралда кызматынан бошотулду.