Марал Радиосу

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи дайындалды

Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. 

Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Канатбек Тургунбеков 2021-жылдын февраль айынан бери Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.

27-февралда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров кызматынан бошотулду.