Марал Радиосу

Мирлан Бакиров Мүлк фондунун жетекчилигинен кетти

Мирлан Бакиров берген арызына ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Мирлан Бакировдун отставкасы тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бакиров Мүлк фондунун жетекчиси болуп 2021-жылдын март айынан бери иштеп келген.

Ага чейин 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.