Марал Радиосу

Кыргызстандан Түркиядагы жабыркагандарга 55 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Кыргызстандан Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 55,3 тонна биринчи зарылдыктагы гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.

Ал бул гумжардам өлкөнүн коомдук уюмдары, Кыргызстандын калкы жана Түркиянын бул жакта жашаган жарандары тарабынан чогултулганын белгиледи. Анын ичинен 25,3 тонна жүк «Түрк авиалиниялары» жана «Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниялары аркылуу, 30 тоннадан ашыгы автоунаа менен жеткирилген.

«Биздин өлкөгө 5225 жууркан, 680 уктоочу кап, 2 генератор, 1099 матрас, 16 жылытуучу каражат, 9 тонна кийим, 9 тонна гигиеналык жана медициналык каражат, 5 тонна тамак-аш болгон», — деди дипломат.

Ал кошумчалагандай, каражат чогултуу бүгүн да уланууда. Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркаган түрк жарандары үчүн ачылган атайын эсеп жабыла элек. Эгер үй буюмдары керек болсо, элчилик өз убагында кабарлайт.