Марал Радиосу

УКМК: Кыргызстандык жаран экстремисттик уюмдан баш тартты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга каршы күрөшүү чараларынын алкагында абактардагы жарандар менен да иштешүүдө.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Сирияда диверсиялык жана террордук даярдыктан өткөн Баткен облусунун 1967-жылы туулган К.А.Г. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан баш тартканын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, бул адам тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, мындай уюмдардын мүчөлөрүнүн кайрылууларына алданбоого чакырды.