Марал Радиосу

Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы эл аралык турнирде 4-орунду ээледи

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Египетте өткөн рейтингдик турнирде 4-орунду ээледи.

Турнир ушул күндөрү Александрия шаарында өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер 24-25-февраль күндөрү өтүп, жалпысынан 10 медалдар топтому ойнотулду.

Кыргызстандын кыз-келиндер курамасында 3 спортчу күч сынашты. Айсулуу Тыныбекова алтын алса, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болушту.

Командалык эсепте кыргызстандык кыз-келиндер 55 упайга ээ болуп, 30 команданын ичинен 4-орунга ээ болушту.