Марал Радиосу

Айзада Канатбековага арналган даректүү тасма көрсөтүлөт

Эртең, 27-февралда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнүн бир жылдыгына карата «Ким кезекте?» аталышындагы даректүү тасма көрсөтүлөт.

Тасманы тартуучу топтун маалыматына караганда, тергөө иштериндеги шалаакылык нааразылыктарды пайда кылган окуяны азыр дагы көрсөтүү маанилүү. Анда кыздарды мажбурлап никеге туруу үчүн ала качуу эмнеге алып келери жана анын эмне үчүн кылмыш экени көрсөтүлөт.

Даректүү тасманы 27-февраль күнү саат 19:00дө кыргыз жана англис тилиндеги субтитрлер менен көрүүгө болот.

2021-жылы 5-апрелде Айзада Канатбекованы топ бала ала качкан. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган. Айзаданы уурдоого катышкан жарандар 6 жарым жылга эркинен ажыратылган.