Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат боюнча комитети 28-февралда «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.
Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.