Марал Радиосу

Маданият министрлигинде 23,5 млн сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Кыргызстандын Эсеп палатасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө карата аудит өткөрдү.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, натыйжада 23 миллион 522 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Анын ичинен 7 млн ​​289,9 миң сом кайтарылууга тийиш болсо, 5 млн 78,8 миң сому калыбына келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 734,5 миң сом акча каражатынын жана материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган. Ошондой эле 16 миллион 542,6 миң сомдук эмгек акынын негизсиз төлөнүшү, 1 миллион 386,8 миң сомдук товардык-материалдык баалуулуктарга, кассалык жана иш сапарга кеткен чыгымдар аныкталган.

Курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмү — 744,7 миң сомго, жашырылган дебитордук жана ашыкча кредитордук карыз — 3,5 миллион сомго жана бюджеттик резервдер — 4,9 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөндүгү аныкталган.