Марал Радиосу

Египеттеги мелдеш: Акылбек Талантбеков күмүш медаль утту

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) сайтында айтылат.

Акылбек Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта күчүн сынап, финалда грузиялык Гела Болквадзеге жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.