Марал Радиосу

Египеттеги мелдеш: Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медаль утту

Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайтына жарыяланды.

Эки спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Балбандар алгачкы кармаштарын ийгиликтүү баштаганы менен финалга чыга алышкан жок.

Коло үчүн кармашта Жуманазарова (68 кг) америкалык Александрия Юнис Глодду 2:1 эсебинде жеңди.

Ал эми Айпери Медет кызы (76 кг) кытайлык Чжоу Цянды 3:0 эсебинде утту.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.