Марал Радиосу

Египеттеги мелдеш: Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту  

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайтына жарыяланды.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга өттү.

Алтын үчүн кармашта кыргыз кызы кытайлык Сяоцзюнь Луону 3:2 эсебинде артта калтырып, турнирдин алтын медалынын ээси болду.

Эскерте кетсек, ушул эле жылдын 3-февралында Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинин тандоо турунда Айсулуу Тыныбекова дал ушул кытайлык Сяоцзюнь Луого жеңилип мелдешттен четтеп калган.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Exit mobile version