Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 25-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, кар түшөт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 3…5 болот.