Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эл аралык стандарттагы кургак учукка каршы оорукана ачылды

Ден соолук , Коом | 24 Фев 2023 | 1515 | 1

Бишкекте кургак учуктун ар кандай түрлөрүн аныктоону жана дарылоону жакшыртуу максатында жаңы кургак учукка каршы оорукана ишке кирди. Аталган оорукана Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына курулду. Анын курулуш иштерине 6,5 млн евро жумшалган. Аянты 6 миң 590 чарчы метр болгон жаңы мекеме бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Оорукана 128 бейтапка ылайыкталган.

Бүгүн Бишкек шаарында биринчи жолу эл аралык талаптарга жооп берген кургак учукка каршы оорукананын ачылыш аземи өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Германия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдө заманбап ооруканаларды курууга мамлекет кызыкдар экенин билдирди.

Анын айтымында, бардык ооруканаларда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, өлкөдөгү медицинанын деңгээлин көтөрүүгө мамлекет бүтүндөй аракетин жумшайт.

«Бүгүн өтө жакшы, сүйүнүчтүү иш-чара өтүп жатат. Германиядан келген коноктор менен жаңы оорукананы ачтык. Ачылыш аземине катышуу тапшырмасы мага берилди. Оорукананын ачылышына чет өлкөлүк демөөрчүлөр жардам берип жатышат. Аларга ыраазычылык билдиребиз. Муну менен катар өзүбүздүн да алдыда жакшы пландарыбыз бар. Кыргызстандагы бардык ооруканалардын инфраструктурасын толук өзгөртүп, биздин медицинанын деңгээлин көтөрүп, XXI кылымдын талаптарына жооп бере тургандай, ошондой эле элибизге кызмат кылып бере тургандай шарт түзүүгө болгон аракетибизди аябайбыз. Ал эми бүгүнкү ачылып жаткан оорукана жакшы кызмат кылып берет деген ойдобуз».

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова оорукана улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып курулганын белгиледи.

Министр ичиндеги вентиляциялык системалар бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин коопсуздугун сактап турарын айтты.

Ошондой эле ал оорукананын ичиндеги өзгөчөлүктөр тууралуу маалымат берди.

«Оорукана 128 орундан (койка) турат, анын ичинен 48 керебет кургак учуктун туруктуу формасына, 48 керебет сезимтал формасынын жугуштуу түрүнө, 28 керебет кургак учуктун сезимтал формасынын жугушсуз түрүнө жана 4 керебет интенсивдүү терапия палатасына бөлүнгөн. Оорукана эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык курулган, ар бир бөлүмдүн кире бериштери атайын чиптер менен жабдылган, ошондой эле оорукананын ичинде «таза аймак» каралган».

Жаңы имаратта диспансер, клиникалык лаборатория, медициналык визуализация, кургак учуктан тышкаркы бөлүм, реанимация, дары-дармекке туруктуулук бөлүмү жана кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар үчүн бөлүм жана башка бөлүмдөр бар.

Кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева өлкөдө алгачкы жолу бардык талаптарга жооп берген заманбап оорукана ачылганын билдирди.

Ал оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалганын айтты.

Учурда ооруканада 96 медицина кызматкери бар, 1-марттан баштап дагы 10го жакын кызматкер кошулат.

«Оорукана УЗИ, ЭКГ, рентген жана флюроаппараттар, биологиялык, кан жана ИФА анализаторлору, термостат, дистиллятор жана башка техникалык жабдуулар менен камсыз болду. 2021-жылдан бери ичин оңдоп, техникалык жабдыктар алынып, быйыл ишке кирди. Бөлмөлөрдүн аянты стандартка ылайык курулган, ар бир палатага өзүнчө санитардык түйүндөр коюлган. Ар бир бөлүмдө майыптарды да эске алуу менен курулган өзүнчө палаталар да бар. Вентиляция системасы медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздап, кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн атайын чыпкалар орнотулган. Жалпы канализацияга кирген суу жергиликтүү септик системасы аркылуу зыянсыздандырылат».

Оорукананын курулушу Германия өнүктүрүү банкынын «Кургак учук V» программасын ишке ашыруунун алкагында каржыланды.

Долбоор 2015-жылы ишке кирип, 2020-жылы курулуш иштери башталып, 2021-жылы аяктаган.

Ал эми Улуттук фтизиатрия борборунун берген маалыматы боюнча кургак учукка чалдыккандар 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы көп катталган.

Copyright © 2017 Maral FM