Марал Радиосу

Египеттеги мелдеш: Бүгүн Айсулуу, Айпери жана Мээрим килемге чыгат

Бүгүн, 24-февралда кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ибрахим Мустафа эл аралык мелдешинде килемге чыгат.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайты жазган маалыматка караганда, 1/8 финалда Айсулуу Тыныбекова франциялык Амелин Дуар менен, Мээрим Жуманазарова болгариялык Юлиана Янева менен, Айпери Медет кызы германиялык Франци Рейделт менен күрөшөт.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Египеттин Александрия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов 63 кг салмакта жана Раззак Бейшекеев 67 кг салмакта коло медаль алды.