Египеттеги Александрия шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингди аныктоо турниринде кыргызстандык балбан Сыймык Махмудов коло байге утту. Ал 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган.
Алгачкы беттешинде Ирандын спортчусуна утулуп калган. Ирандык спортчу финалга чыгып, Махмудов 3-орун үчүн жубатуучу беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Махмудов алгачкы жубатуучу беттеште дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чебананы жеңсе, коло үчүн беттеште казакстандык спортчу Мадияр Малтекбаевды 9:0 эсеби менен жеңип алды.
Бул Кыргызстандын курама командасындагы алгачкы медаль болду.
Белгилей кетсек, Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун агасы.