Марал Радиосу

Египеттеги мелдеш: Сыймык Махмудов коло медаль утту

Египеттеги Александрия шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингди аныктоо турниринде кыргызстандык балбан Сыймык Махмудов коло байге утту. Ал 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган.

Алгачкы беттешинде Ирандын спортчусуна утулуп калган. Ирандык спортчу финалга чыгып, Махмудов 3-орун үчүн жубатуучу беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Махмудов алгачкы жубатуучу беттеште дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чебананы жеңсе, коло үчүн беттеште казакстандык спортчу Мадияр Малтекбаевды 9:0 эсеби менен жеңип алды.

Бул Кыргызстандын курама командасындагы алгачкы медаль болду.

Белгилей кетсек, Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун агасы.