Марал Радиосу

Мусулман Жоломанов Казакстандагы турнирде алтын медаль тагынды

Кыргызстандык жеңил атлетчи Мусулман Жоломанов Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1000 метрге чуркоодо Мусулман Жоломанов 2 мүнөт 27,43 секунд жыйынтыгы менен 1-орунду ээледи.

Мелдеш 18-февралда Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгелери үчүн турнир өттү. Ага Кыргызстандын атынан жөө күлүктөр Мусулман Жоломанов, Николай Котляров жана Ангелина Тяпова катышкан.

Николай Котляров 60 метрге чуркоодо 7-орунду камсыздаса, ушул эле аралыкта Ангелина Тяпова бешинчи болуп, жеке рекордун орнотту.