Марал Радиосу

Союзбек Надырбеков жаңы кызматка дайындалды

Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директорлугуна дайындалды.

Аны маданият министри Алтынбек Максутов эмгек жамаатка тааныштырды.

Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун, Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган.

Ал 2021-2023-жылдар аралыгында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.