Марал Радиосу

Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курамасы Дубайдагы мелдешке катышат

Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дубайда өтө турган Гран-приге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 21-февраль күнү башталган, 3-мартка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

Бактыбек Мусаев — спорт чебери.

Адина Самыйбек кызы — спорт чеберине талапкер.

Кундуз Абирова — жардамчы.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.