Марал Радиосу

Жаранды бычактап Испанияга качып кеткен шектүү Бишкекке алынып келди

Оор кылмыш жасоого айыпталган кылмышкер Испаниядан Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкы прокуратуранын оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылган.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Э. уулу. А. аттуу айыпталуучу  А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

Э.уулу.А 2023-жылдын 22-февралында Бишкекке алынып келди.

Exit mobile version