Марал Радиосу

Жапаров куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды. Министрдин маалыматына караганда, Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ жөнөтүлгөн. Ага куткаруучулар, медиктер, кинологдор жана психологдор кирген.

Министрликтин куткаруучулары тарыхта биринчи жолу өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Акыркы эки жылда куткаруучуларды даярдоону жана кинологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Кыргызстандан барган куткаруучулар командасы урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкен. Андан тышкары Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, ал жакта жашаган мекендештер колдоо көрсөтүшкөн.

Садыр Жапаров куткаруучуларга ыраазычылык билдирди. Өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын белгиледи.

Exit mobile version