Марал Радиосу

Евробиримдик Кыргызстанга да санкция салабы?  

Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Орусияга Европадан товар алып келгени үчүн санкцияларга тушугуп калышы мүмкүн деген кооптонуу айтылды.

Мындай корутунду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын февраль айындагы отчётунда маалым болду. Тагыраагы, анда «Кыргызстан «ортомчулук» кылып, Европадан Орусияга товар жеткирүүгө жардам берип жатат» деп белгиленген.

Кыргызстандын экинчи категориядагы санкцияларга илинип калуу коркунучу барбы? Эгер андай болсо, кесепети кандай болот? 

ЕРӨБдун отчётунда 2022-жылдын май-июль айларында Евробиримдиктен, Улуу Британиядан жана АКШдан Орусияга экспорт мурунку жылдардагы орточо көрсөткүчтөрдөн 50%га чейин төмөндөгөнү айтылган. Ошол эле учурда Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана Америка Кошмо Штаттарынын экспорту Борбор Азия өлкөлөрүнө кескин өскөн. ЕРӨБ муну «ортомчулук» соодасы менен байланыштырып, товарлар алгач Борбор Азия мамлекеттерине жеткирилерин, кийин Орусияга ташыларын жазган.

Экспорттун өсүшү Орусия менен алымсыз соода жүргүзүүгө уруксат берилген Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөлөрү болуп саналган Кыргызстан менен Арменияда өзгөчө байкалган.

Экономист Төлөнбек Абдыров бүгүнкү күндө жогоруда белгенген «ортомчулар» бар болсо, аны эч ким аныктай албай турганын айтат.

Ал кыргыз ишкерлери геосаясат жана ар кандай санкциялар жөнүндө ойлонбой турганын белгилеп, алар кадимки эле күнүмдүк жумушун жасап жатышат деген пикирде.

«Биз коңшу мамлекет болгондуктан, сөзсүз түрдө соода жагынан байланышты үзбөй, тескерисинче, көбөйтүүгө аракет кылабыз. Биздин ишкерлерге товарлардын кайсыл жактан келгени, айсыл жакка сатылары, айырмасы жок. Алар бул жакта геосаясат же санкциялар жөнүндө ойлонушпайт. Ишкерлер албетте өздөрүнүн кызыкчылыгын өйдө коюп, иш алып барышат».

Экономист Бекмамат Орозов Кыргызстанда Евробиримдиктин санкцияларына илинип калуу коркунучу жок экенин, келечекте да мүмкүн эмесин белгилейт:

«Биринчиден, Кыргызстан — Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Ошондуктан буга эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Экинчиден, эгер Кыргызстан Европа Биримдигинин санкцияларына илинип кала турган болсо, өлкө Эл аралык сотко кайрыла алат. Анткени Кыргызстан бир гана Орусия эмес, бардык мамлекет менен соода жүгүртүүгө укуктуу».

Ар бир мамлекет эркин соода жүргүзүүгө укуктуу, базар экономикасында товарлардын алмашуусуна эч ким тоскоолдук кылбашы керек, себеби өлкөнүн өнүгүүсү үчүн дайыма атаандаштык болушу зарыл. Бул экономиканын мыйзамдарында жазылганын экономист Расул Түлеев айтты.

Ал эми эгер Европа мамлекеттери Кыргызстанга да санкцияларды киргизсе, өлкө толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өтүп каларын божомолдоду.

«Эгер бизди Европа мамлекеттери санкцияларга киргизсе, анда Кыргызстан толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө болуп, анын таасирине өтүп калат.  Ал эми геосаясатты алып караганда, Кыргызстанга санкцияларды киргизе алышпайт. Андай кызыкчылыгы да жок. Себеби Кыргызстан Европа менен Америкадан алыстаса, анда алар толугу менен бул аймакты жоготушат. Санкцияларды Кытайга киргизиши мүмкүн, анткени Кытай менен Американын, Европанын мамилеси анча жакшы эмес. Ошондуктан алар бул боюнча эң биринчи Кытайга сокку урушу ыктымал».

Статистикалык маалыматтарды карап көрсөк, 2022-жылы Кыргызстанга Евробиримдиктен экспорт 84%га, Арменияга 72%га, Тажикстанга 21%га, Грузияга 19%га, Казакстанга 14%га өскөн.

Былтыр Орусия дүйнөдөгү эң көп санкция киргизилген өлкөгө айланган. 2022-жылы февраль айынын аягында Орусия Украинага кол салгандан кийин санкциялардан улам соодадагы эл аралык мамилелер бузулган. Анын айынан Орусия олуттуу кыйынчылыктарга кабылып, өзүнө көз каранды мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга өткөн. Анын ичинде Кыргызстан да Орусиянын товарларын эл аралык базарга чыгарууга жана ал жактан Орусияга алып кирүүгө ыңгайлуу аянтча болуп берүүдө.

Exit mobile version