Марал Радиосу

Кыргызстандан Тажикстанга пиязды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

22-февралда Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна пиязды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Баткен облусунун Лейлек районунун Сада тилкесинде 1976-жылы туулган Х.К. аттуу Кыргызстандын жараны башкарган Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Айдоочу 3 тонна пиязды мыйзамсыз түрдө Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу унаасы жана жүгү менен кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version