Марал Радиосу

Улуттук банк эки акча алмаштыруучу жайга жана эки жаранга айып пул салды

Кыргызстандын Улуттук банкы акча алмаштыруучу жайларга жана эки жаранга айып пул салды. Маалыматка караганда, мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн эки акча алмаштыруучу жайга ар бирине 55 миң сомдон айып салынды.

Ошондой эле Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Т.М.А. жана Д.Б.К. аттуу жарандарга 17500 сом айып салынды.

Exit mobile version