Марал Радиосу

Өлкөдөгү айрым мектептердин директорлугуна үч күн сынак өткөрүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак өткөрүү күндөрү белгилүү болгонун маалымдады.

Сынак 2-февралда, 1-мартта, 2-мартта түндүк аймактар үчүн Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана түштүк аймактар үчүң Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

28-февралда Бишкек шаарындагы төрт бош орун үчүн 25 талапкер бир нөөмөттө, Ош облусундагы 83 бош орун үчүн 150 талапкер эки нөөмөттө, Чүй облусундагы 43 бош орун үчүн 150 талапкер эки нөөмөттө сынакка катышат.

1-мартта Талас облусундагы 6 бош орун үчүн 20 талапкер бир нөөмөттө, Ысык-Көл облусундагы 11 орун үчүн 25 талапкер бир нөөмөттө, Нарын облусундагы 9 бош орун үчүн 20 талапкер бир нөөмөттө, Жалал-Абад облусундагы 83 бош орун үчүн 150 талапкер эки нөөмөттө сынакка катышат.

2-мартта Баткен облусундагы 36 бош орун үчүн 140 талапкер эки нөөмөттө, Ош шаарындагы 1 орун үчүн 8 талапкер бир нөөмөттө сынакка катышат.

Сынактын биринчи нөөмөтү саат 9:30да башталат, талапкерлер 9:00дөн тарта каттоодон өтөт. Эки нөөмөтү саат 12:30да башталат, каттоодон 12:00дөн тарта өтүү керек.

Аппеляция саат 16:30да болот.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 1-февралда жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялаган.