Марал Радиосу

Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылды

Бишкектин ичинде №19 каттам менен автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жүргүнчү ташуучу транспорт Ак-Ордо конушунан Кустанай көчөсүнө чейин 36,6 чакырым жүрөт. Каттамга чыккан 11 автобустун интервалы 10 мүнөттү түзөт.

Быйыл Бишкек шаарынын мэриясына Кытайдан газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобус сатып алынган. Алар 156 кичиавтобусту алмаштырат.

17-февралда автобустардын биринчи партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамга чыгып, бекитилген багыттар боюнча №38, 42, 48 автобустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштаган.