Эртең, 21-февралда Түркия мамлекетине жардам берүү үчүн кетишкен Кыргызстандын куткаруучулары өлкөгө кайтып келишет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Куткаруучуларды алып келе турган учактар «Манас» аэропортуна саат 2:35те жана 9:00дө конот.
«Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында Кыргызстандан барган 170тен ашык куткаруучу, медик жана психолог иштеди. Алар тобу менен 7-февралдан тарта жөнөй баштаган. Мындан тышкары Кыргызстандын бийлиги Түркияга гумжардам да жөнөттү», — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ кызматкерлерин салтанаттуу түрдө тосуп алууну пландап жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча, кыргызстандык куткаруучулар уранды алдынан 12 адамды тирүү жана 185 адамдын сөөгүн алып чыгышкан.
6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.