Марал Радиосу

УКМК: Өзүн сот кызматкери катары тааныткан жаран кармалды

2023-жылдын 16-февралында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн.

Кармалган адам М.Ш аттуу жарандан Кыргызстандын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.