Марал Радиосу

Суучул Денис Петрашов АКШдагы мелдеште рекорд койду

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Атланта шаарында болуп өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи.

Бул тууралуу аталган федерация кабарлады.

Маалыматка караганда, Петрашов брасс түрү менен 200 метр аралыкты 1:50:51 убакытта сүзүп, алтын медалга татыды.

Белгилей кетсек, ACC Лигасы Америка Кошмо Штаттарынын университеттери арасында өтө турган чоң мелдештердин бири.