Марал Радиосу

Ажылыкка барууну каалагандарды электрондук каттоо башталды

Бүгүн, 20-февралда ажылыкка барууну каалаган жарандарды электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Жаңыдан каттоого туруп жаткан талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1 миң доллардын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.

Талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Толук маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтынан алсаңыздар болот.

Exit mobile version