Марал Радиосу

Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 50 млн сомдон ашык акча топтолду

Бүгүн, 20-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 50 млн 214 миң сом жана 14 миң 400 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Exit mobile version