Марал Радиосу

«Азаттык Медианын» ишин кароо 6-мартка жылдырылды

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызын карады.

Анда «Азаттыктын» адвокаты Акмат Алагушев доогер тараптын арызы так жазылбаганын айтып, сот министрликти арыздагы талапты жана экспертизанын суроолорун тактап жазып келүүнү тапшырды. Кийинки отурум 6-мартка белгиленди.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган.

24-январда Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар Маданият министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызын чакыртып алууну талап кылышкан.

Арызда айтылгандай, министрликтин «Азаттыкка» карата койгон айыбы негизсиз, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды негизсиз колдонуп жатат.

Exit mobile version