Кыргызстандык ырчылардын «Адамга — адам керек» ыры Түркияга көңүл айтуу үчүн түрк тилине которулду.
Султан Садыралиев «Адамга — адам керек» ырын түрк тилине которуп түрк элине көңүл айтты. Бул тууралуу ырчы Инстаграм баракчасында билдирди.
Садыралиев ырын Түркиянын жер титирөөдөн кийинки көрүнүштөрүн камтыган ролик менен коштотуп жасап чыккан. Видеону жарыялап жатып, «Аллахым айтпай келген кырсыктан сактасын» деп жазды.
Ырдын сөзүн Акбар Кубанычбеков, обонун Султан Садыралиев жазган. Ал эми ырды түркчө которгон Ибрагим Хантүрк.
Белгилей кетсек, аталган ыр 2020-жылы пандемия учурунда өзгөчө белгилүү болгон. Ырды эстрада ырчылары дагы биргеликте аткарып, элдин өзгөчө колдоосуна ээ болгон.