Эртең, 21-февралда Бишкек шаарынын эки конушунда суу берүү токтотулат. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо конушунда, саат 09:00дөн 15:00гө чейин Калыс-Ордо конушунда суу өчүрүлөт.
Бул күнү турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы, өнөр-жай объектилеринде ичүүчү суу болбойт.
Суу «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.