Марал Радиосу

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда тирүү калган дагы үч адамды куткарды (видео)

Кечээ, 18-февралда кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында 296 саат жаткан үч кишини аман-эсен куткарды.

Маалыматка караганда, Хатай провинциясынын Актакья районунда бир аял, бир эркек жана кичинекей бала куткарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, урандынын алдынан беш адам табылган. Алардын ичинен ата-эне баласы менен тирүү куткарылса, эки бала каза болуп калган.

Түркиялык ММКлар билдиргендей, урандылардын алдынан куткарылган бала медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, каза тапкан. Учурда эркек менен аял киши ооруканага жаткырылып, медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык куткаруучулар 5 адамды урандылардын алдынан таап чыгып, куткаруучуга жетишкен.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Exit mobile version