Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз коюу туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Мекеме билдиргендей, көрүү аралыгы 500 метрге жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды жана айдоочуларды этият болууга чакырууда.