Марал Радиосу

Кемпир-Абад иши: Карасартова менен Сасыкбаева камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган жарандардын баш коргоо чарасын кароону улантты.

Соттун чечими менен Асия Сасыкбаева жана Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды.

Сотко Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова да алып келинген. Ал эми Перизат Суранова ооруканада болгондуктан бөгөт чарасы сырттан каралары айтылган.

Кемпир-Абад иши. Кармалгандар камакта калтырылды