Марал Радиосу

Жапаров: Борбор Азия чек арасыз Евробиримдиктей болушу керек

«Өзбекстандын чек арасы менен маселени чечтик, эми Тажикстан менен чек ара маселесин чечебиз деп ойлойм», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Бишкекте 17-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясы өтүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Борбор Азия келечекте Евробиримдиктей болушу керек деп эсептейт.

«Евробиримдиктегидей эле бизде да чек аралар болбошу керек. Биз бири-бирибиз менен боордош, тууган элбиз», — деди Акылбек Жапаров.