Марал Радиосу

Садыр Жапаров кар көчкүдөгү жоготууларга байланыштуу Рахмонго көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жаратылыш кырсыгынын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат жолдонгон көңүл айтууда.

15-февралда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Хорог шаарында кар көчкүнүн кесепетинен ондон ашык адам каза болгону кабарланган. Төрт үй талкаланып, 35 турак жай жана беш тиричилик объекти жарым-жартылай жабыркаган.